• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ишкерлери кызматташуу боюнча 9 келишимге кол койду

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ишкерлери кызматташуу боюнча 9 келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүе Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Наманган шаарында эки облустун башчыларынын жолугушуусунун алкагында бизнес-форум болуп өттү. Анда эки облустун инвестициялык потенциалдары тууралуу маалымат берилип, кызматташуу боюнча 9 келишимге жетишилди. Алар туризм, айыл-чарба жана кайра иштетүү тармактарына багытталды.

Атайын жыйында облустардын чектешкен Ала-Бука районунун Баястан айылына биргелешкен соода логистикалык борборун куруу, алдыда Жалал-Абад-Наманган туристтик каттамдарын ачуу долбоорлору тууралуу маалымат берилди.

Жыйында сөз сүйлөгөн облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абаддын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Бул кадамдар эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган Жол картасындагы иш мерчемдерди жүзөгө ашыруу аракеттери экенин белгиледи.

Бизнес-форум Наманган облусундагы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларынын көргөзмө жарманкеси менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий