• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кышка даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, жыйынга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. Жыйында шаар башчысы мекемелердин кышка карата жүргүзүп жаткан иштер боюнча маалыматтарын угуп, айтылган маалыматтар боюнча жеринде текшерүү жүргүздү.

Текшерүү учурунда көмүрдүн сапатына көңүл буруу, борборлоштурулган жылытуу системасына жаңыдан туташтырылып жаткан көп кабаттуу үйлөрдөгү оңдоп-түзөө иштерин күн суук болгонго чейин бүткөрүү, отундун бардык түрүн камдоо сыяктуу тапшырмаларды берди.

Учурда Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелери 59%, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 80%, жылуулук ишканасы 70%га кышка даяр.

Пикир

Оставить комментарий