• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри шаардагы мектеп жана бала бакчалардын курулуш иштеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар аймагындагы мектептер менен бала бакчалардагы курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач №2 мектептин спорт залынын курулушу менен таанышып, куруучуларга сапатына олуттуу көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле мектептин жаңы окуу жылына даярдыгына көңүл буруп, бөлмөлөрүн текшерип чыкты.

Андан соң Некрасов көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу бала бакчада жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иши, №4 мектептин ашканасын капиталдык-оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштары менен жеринен тааншып чыкты. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилерге келечек ээлери үчүн жасалпы жаткан курулуштар тыкыр көзмөлдө болоорун эскертти жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Шаарда курулушу жүрүп жаткан билим берүү мекемелери муну менен эле чектелбейт. Тагыраагы Тайгараев аймактык башкаруусуна караган Төш-Кутчу айылындагы эки кабаттан турган, 100 орундуу бала бакчанын курулушу да бар. Калаа башчысы бала бакчанын курулушу менен жеринде таанышуу учурунда айрым кемчиликтерин байкап, куруучу тарапка мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча катуу эскертүү берди.

Белгилей кетсек, аталган бала бакча 2021-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилет. Ал эми калган курулуштар жаңы окуу жылына чейин аягына чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий