• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэриясынын кызматкерлери COVID-19га каршы вакцинанын 3-дозасын алууда

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери тарабынан мэрия кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөнүн 3-дозасын алды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерлерге “Спутник Лайт” вакцинасы сайылды.

Адистердин берген маалыматына таянсак, вакцинанын 2-дозасын алган жарандар 4 айдан соң 3-дозаны алса болот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында коронавируска каршы вакцинанын 1-дозасын 24 миң 623 адам алса, 2-дозаны 22 миң 120 адам алган.

Учурда шаар аймагында вакцинанын 3-дозасы менен эмдөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий