• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад милициясы 18 жаштагы баланы тоногон шектүүнү кармады

Аймак 0

Бишкек, 17.01.22 /Кабар/. Жалал-Абад милициясы 18 жаштагы баланы тоногон шектүүнү кармады, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 18 жаштагы бир тууган инисинин “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун 2021-жылдын 31-декабрында саат 22:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын эски футбол ойноочу аянтында өзүн “Немат” деп тааныштырган бала коркутуп алып койгонун билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган Ш.Н. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан сырткары, Ш.Н.нын Жалал-Абад ШИИБдин КБРде өндүрүштө турган дагы бир тоноо фактысына катышы бар экени аныкталган. Учурда анын мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктогун тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий