• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 2 оорукананын жаңы имаратынын курулушу ноябрда бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2 оорукананын жаңы имаратынын курулушу ноябрда бүткөрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришет.

Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматжан уулунун айтымында, ушул тапта облустук биргилешкен клиникалык оорукананын терапия, нефрология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн үч кабаттуу 90 орунга ылайыкталган имарат курулууда.

"Бүгүнкү күндө иш кызуу жүрүп жатат, имараттын курулушу дээрлик 80 пайызга аяктады. Учурда чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери жүрп жатат", - деди ал.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мындан тышкары, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна дагы үч кабаттуу жаңы имарат курулууда. Курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды.

Белгилей кетсек, жогорудагы эки оорукананын имараттарынын курулушу республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий