• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда ЮСАИДдин "Мыкты азыктануу" долбоору ишин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 22.02.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунда ЮСАИДдин "Мыкты азыктануу" долбоору ишин улантууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелеринин жогорку артыкчылыгын эске алуу менен өлкөдө Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кеңеши тарабынан 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын иштеп чыгуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда элдин саламаттыгын сактоо, энелердин жана балдардын ден соолугун чыңдоо багытында ЮСАИДдин "Мыкты азыктануу" долбоору иш алып барууда.

Аталган долбоорго Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондору тандалып алынган. Облустук өкүлчүлүктө тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугунун алкагында платформанын Аксы районундагы план көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, тажрыйба алмашуу жолугушуусу өткөрүлдү.

Аталган иш-чара ЮСАИДдин "Мыкты азыктануу" долбоору жана "Кыргыз Республикасында тамактануу абалын жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн Жарандык Алянс" менен биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий