• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад ОИИБи: Милиция тарабынан согуш ардагерлерин куттуктоо уланууда

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Жалал-Абад областынын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан ардагерлерге куттуктоолор айтылып, белектер берилүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жеңиш күнүнө карата Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук эс алуу багында түбөлүк оттун жанында 1941-1945-жылдары согушта курман болгондорду эскерүү митинг-реквием өткөрүлдү. Митинг-реквиемге Аксы РИИБинин башчысы Шекербек Таңгиров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, жеңүүчү аскердин айкелине гүлчамбар коюшту. Андан соң Аксы РИИБинин башчысы Авлетим айылында жашаган согуш ардагери Аваз Момуновдун үйүнө барып, жеңиш күнү менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Майрамдык белек тапшыруу Ала-Бука милициясы тарабынан да көрсөтүлдү. РИИБдин башчысы Райымбек Сулайманов баштаган топ Баймак айылынын тургуну 99 жаштагы Аскар Хайдаровдон кабар алышты. Аскар аксакал согуш мезгилиндеги кыйынчылык күндөрү азыр да көз алдына тартылып тураарын белгилеп, мындан ары андай апаат күндөр болбосун деп тиледи. Согуштун ардагери милиция кызматкерлери жанына келип майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырып, сый-урмат көрсөтүп жатышканына ыраазычылык билдирип, ак батасын берди. Ошондой эле буга чейин да милиция тарабынан колдоо көрсөтүлүп келгенин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери 97 жаштагы оруктун ардагери Орозкул Тагаева менен жолугушту. Орозкул эне согуш жылдарындагы ачарчылык, тылдагы кыйынчылыктар, эркектер согушка аттанып, кыз-келиндер оор жумуштарды аткаргандыгы тууралуу оор улутунуу менен айтып берди. Милиция кызматкерлери Орозкул апага бекем ден соолук каалашып, алып барган белектерин тапшырышты. Өз учурунда Орозкул эне ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Ошондой эле Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен 95 жаштагы Ташбулат Абдуллаевден кабар алышты. Милиция тарабынан согуш ардагерине тынчтык заманды алып келгендиги үчүн алкоолор айтылып, белектер тапшырылды. Ташбулат аксакал майрам күнү формачандарды көрүп кубанып турганын айтып, көзүнө жаш ала ыраазычылык билдирди.

Эске салсак учурда Жалал-Абад областынын аймагында согуштун жана оруктун 31 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий