• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 44 ишкана өз ишин баштаганы турат - мэр Тагаев

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 44 ишкана өз ишин баштаганы турат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан бизнес тармагына уруксат берүү 3 этап менен жүрүүдө. Алар 1-май, 11-май жана 21-майдан баштап айрым бизнестерге уруксат бериле баштайт.

"Бүгүндөн баштап жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат кагазы боюнча комендантка сунуштарды бере баштадык. Ал эми коммерциялык уюмдарды ишин баштабай турганга чакырат элем. Уруксаты жок ачкан ишканаларга рейд жүргүзөбүз жана мыйзам чегинде чара көрүлөт. Эгер кайсы бир тармактагы ишиңизди ача турган болсоңуз мэрияга кайрылыңыз. Биз өз учурунда комендантка кайрылып, бир пикирге келебиз. Баарыбыз мыйзам чегинде иш кылсак жакшы болот эле", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий