• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында АИВ инфекциясынын алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Менин жашоом менин колумда" аталышындагы АИВ инфекциясынын алдын алууга багытталган иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган иш-чара "Курманбек" стадионунда Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага катышкан шаар тургундары "Атлант" ден соолукту чыңдоо борборундагы Доктор Арашан менен таңкы көнүүгү жасап, кардиолог, гинеколог сыяктуу дарыгерлерден кеңеш алып, ВИЧ/СПИД, гепатит, сифилис илдетине, кант диабетине каршы акысыз экспресс-тест тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий