• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте шаар тургундарынын арасында күзгү спартакиада өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май, Октябрь, Ленин жана Свердлов райондорунун жашоочулары арасында күзгү спартакиада өттү.

Спартакиаданын алкагында спорттук аянтчаларда волейбол, кичи-футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана шахмат боюнча мелдештер өттү.

Ошентип күзгү спартакиаданын жеңүүчүлөрү:

- волейбол боюнча:
1-орун – Свердлов району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Биринчи май району;
4-орун – Октябрь району.

- кичи-футбол боюнча:
1-орун – Октябрь району;
2-орун – Биринчи май району;
3-орун – Ленин району;
4-орун – Свердлов району.

- шахмат боюнча:
1-орун – Свердлов району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Октябрь району;
4-орун – Биринчи май району.

- стол тенниси боюнча:
1-орун – Биринчи май району;
2-орун – Ленин району;
3-орун – Октябрь району;
4-орун – Свердлов району.

- аркан тартыш боюнча:
1-орун – Биринчи май району;
2-орун – Октябрь району;
3-орун – Свердлов району;
4-орун – Ленин району.

Катышкан бардык тургундар тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий