• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында IT борбордун курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарында 3 кабаттан турган заманбап, жаштардын инновациялык технологиялар борборунун (IT) курулушу кызуу жүрүп жатат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда имаратты шыбоо, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

IT борбор Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен, 64 млн 500 миң сомго курулууда. Борбордун имаратынын курулушу жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болуп калмакчы.

Пикир

Оставить комментарий