• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын мэри Загорная көчөсүндөгү курулуштан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Загорная көчөсүндөгү тротуар жана лоток жаткыруу жумушу менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда курулушту сапаттуу бүткөрүү боюнча тендерден уткан куруучу компанияга жана тийиштүү жетекчилерге талап коюлду.

Белгилей кетсек, аталган жолдун 1,4 чакырымдай аралыгына тротуар курулуп, лоток жаткырылат. Ал үчүн шаар казынасынан 6 миллион сомго чукул каражат сарпталат. Курулуш иштерин аяктоо ушул жылдын 15-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий