• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон кытайлык жолчу табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Жалал-Абадда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушунда иштеп жатып дайынсыз жоголгон кытайлык жаран табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00дөр чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан “Чайна-Роуд” компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн. 22-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 6 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 24-июль күнү издөө иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий