• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Сузак районунун Сампа аймагындагы "Энелердин көз жашы" эстелигине гүл коюлуп, 2010-жылдагы каргашада курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуяда жабыркаган жана курман болгондордун жакындары катышты.

Облус башчысы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, 2010-жылдагы кандуу каргаша өлкөдөгү улут аралык достуктун, өз ара биримдиктин орду чоң экенин дагы бир ирет көрсөткөнүн белгиледи.

"Быйыл июнь окуясына туура 13 жылдын жүзү болду. Арадан бир топ жыл өтсө да бул кандуу кагылыштын, анын кесепетинен каза тапкан мекендештерибизди унутпайбыз жана терең кайгыруу менен эскеребиз. Мамлекетебизде эч качан мындай окуялар кайталанбасын. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык өкүм сүрсүн!", – деди Абсаттар Сыргабаев.

2010-жылдын 12-14-июнь күндөрү болуп өткөн окуяларда Жалал-Абад облусунда жалпысынан 592 адам жабыр тарткан. Анын ичинен 82 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон. Облустук бийлик жыл сайын жабыркагандардын муктаждыгына жараша акчалай жардам көрсөтүп келет.

Мамлекет тарабынан окуяда каза болгондордун жакындарына, ден соолугунан жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү максатында, Жалал-Абад шаарында 60 батирлүү көп кабаттуу үй куруп тапшырган. Ага катар Базар-Коргон районундагы 5 үй-бүлө турак жай менен камсыздалган. Облуста окуяга байланыштуу 119 адамдын үстүнөн иш козголгон. Анын ичинен 96 адам боюнча 39 кылмыш иши каралган жана күнөөлүү деп табылып, 3 жылдан 5 жылга чейин, 2 жаран өмүр бою эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий