• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда коомдук ишмер Мухтар Исакуловдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кечээ, 22-декабрда Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Мухтар Исакуловдун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, Мухтар Исакуловдун жакындары, облустук казыяттын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын максаты - мамлекеттик жана коомдук ишмер Мухтар Исакуловдун басып өткөн жолун жана жасаган эмгектерин даңазалоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий