• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 08.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-7-мартында Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий