• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда өнүктүрүү фонддордун иши активдешет

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда, Жалал-Абадда өнүктүрүү фонддордун типтүү жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуу өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма өз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Экономика жана финансы министрлигинин эксперттери, жергиликттүү бийлик жана бейөкөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук талкуудагы фонддордун ишмердүүлүк жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты – аймактардагы калкка пайдалуу объектилердин курулушун, өндүрүштү жандантуудагы долбоорлорду ишке ашырууну ылдамдатуу, курамындагы байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санын кыскаруу, бөлүнүүчү финансылык каражаттардын кечигүүлөрүн болтурбоо болуп саналат.

Облус өкүлү коомдук талкууда фонддордун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, ишмердүүлүгүндө болгон көйгөйлөр үстүндө эффективдүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын айтты. Аны менен бирге аймактарда өндүрүштү жандантып, калкты жаңы жумуш орундары менен камсыздоочу долбоорлорду каржылоого басым жасоо керектигин белгиледи.

Коомдук талууда катышуучуларга Экономика жана финансы министрлигинин эксперттери тарабынан фонддордун типтүү жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалымат берилип, талкууга алынды.

Өнүктүрүү фонддун каражаттары аймактардагы кен байлыктарды казып алуудагы чегерилген эки пайыздык каражат эсебинен чогултулат. Ал жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү жогорулатууга, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга багытталат.

Облустук өнүктүрүү фондуна бул жылы жалпы 52 долбоор келип түшкөн. Өткөн жылдан тарта фонд экономикалык долбоорлорго артыкчылык бере баштаган. Ага ылайык ишкерлер жана жергиликтүү жамааттар натыйжалуу бизнес пландары боюнча кайрылса болот. 2021-жылга карат фонддун бюджетине 77 млн сом түшөрү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий