• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда унаанын дөңгөлөгү чыгып кетип, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаанын дөңгөлөгү чыгып кетип, айдоочу бир адамды сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-октябрда саат 10:13де Бишкек-Ош унаа жолунун 384-чакырымында катталган.

Билдирүүдө айтылгандай, 1987-жылы туулган Т. У. аттуу жаран башынан жеңил жаракат алып, тез жардам кызматкерлери ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий