• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунун аймагына кичи футбол аянтчасы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунун аймагына кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, андан тышкары, “Курманбек” стадиону автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар менен жабдылып, түнкү жарыктандыруучу чырактар орнотулууда.

"Аталган стадион буга чейин жумушчулардын жардамында суу түтүктөрү менен сугарылып келчү. Мындай шартта газондорду сугаруу бир тарабынан ыңгайсыз болсо, экинчи тарабынан атайын жумушчу күчтү талап кылчу. Эми автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар орнотулуу алдында турат. Автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар газондун астынан орун алып, сугаруу мезгилинде гана газондун бетине чыгат. Учурда ал үчүн атайын жабдыктар алынып, суу кампасы курулууда", - деп билдиришти мэриядан.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, стадиондо жүрүп жаткан курулуш иштерининин жүрүшү менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер кабар алышкан.

Стадиондогу курулуштарды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 150 миң сом каражат сарпталып жаткандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий