• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда курулушу республикалык бюджеттен каржыланган эки спорт аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Кара-Суу районунда республикалык бюджеттен курулган эки спорт аянтчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири Ынтымак айылында, экинчиси Октябрь айылында жайгашкан.

Ынтымак айылындагы спорт аянтчасынын ачылыш аземинде президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү жана тургундары катышты.

Облус жетекчиси айыл тургундарын футбол аянтчасынын ачылышы менен куттуктап, бул спорттук объектилер жергиликтүү коомчулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кара-Суу районунун тургундарынын активдүү жашоо образын жаратууда, ден соолугун чыңдоодо жана келечектеги чемпиондор өскөн, жаңы кыялдар тутанган, чоң ийгиликтерге жетишкен спортчулар өсуп чыгуу тилегин билдирип, калктын ден соолугун чыңдоо жана активдүү жашоо образын түзүүдөгү маанисин баса белгиледи.

Белгиленгендй, Ынтымак айылындагы спорт аянтчасы Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн аймагына курулган. Имараттын жалпы аянты 9600 чарчы метрди түзүп, республикалык бюджеттен 35 млн 515 миң сом өлчөмүндөгү каражаттын эсебинен курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми Октябрь айылындагы спорт зал да республикалык бюджеттен каржыланды. Объект С.Аристанбеков атындагы мектептин аймагында жайгашкан жана "Аскарбек Ата" ЖЧКсы тарабынан сметалык баасы 21 млн сомго курулган.

Пикир

Оставить комментарий