• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрт саат 16:52де толугу менен өчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Эске сала кетсек, бүгүн, 23-декабрда саат 16:01де Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасынан өрт чыгып, саат 16:35те чектөөгө алынган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий