• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддан Баткенге 20 тоннадан ашык гумжардам жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясы жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткенге жардам берүү штабы түзүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик жана шаардагы ишкерлер тарабынан 5 тонна өсүмдүк майы, 5 тонна ун, 3 тонна гүрүч, 3 тонна макарон, 2 тонна кумшекер, 4 миң 640 даана нан, 400 блок ичүүчү суу жыйналып, ӨКМдин жардамында Баткен облусуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, жардам берүүнү каалагандар үчүн Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында жардамдарды кабыл алуу жайы уюштурулду. Ошондой эле Баткен элине жардам берүүнү каалагандар үчүн банк эсептери ачылды.

Кошумча маалымат үчүн тел: 0554115000, 0772500050

Пикир

Оставить комментарий