• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жапаров Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Биригүү күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Улуттук майрамы – Королдуктун Биригүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамилелери, буга чейин түзүлгөн ынак карым-катнашы эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге жылуу каалоо-тилектеримди арноо менен чың ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми бир тууган Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров ушундай эле куттуктоосун Сауд Аравия Королдугунун Мураскер ханзаадасы, премьер-министрдин орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга да жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий