• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаш үй-бүлөлөргө ипотекалык насыя алган пайдалуу – Ж.Турускулов

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жаш үй-бүлөлөргө ай сайын батирдин ижара акысын төлөгөндүн ордуна ипотека алган пайдалуу. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов галстуксуз жолугушууда билдирди.

“Көпчүлүк жарандарыбыз ижарага батир алышат. Эми алардын бирөөгө эмес, өзүнүн турак жайы үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Жарандарыбыздын көп бөлүгү, жаш үй-бүлөлөр турак жайды ижарага алып, 15-20 миң сомдон төлөп жашашарын баарыбыз билебиз. Өкмөт пайдалуу шарттарда ипотекалык насыяларды сунуштайт. Ал гана эмес, 10%га чейин төмөндөтүлгөн пайыздар менен”, - деди Ж.Турускулов.

Ошондой эле, депутат бюджетте иштегендер үчүн ипотеканын баштапкы төлөмүн кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейт. Эмгек маянасы аз болгон дарыгерлер жана мугалимдер үчүн ипотека алууда кандайдыр бир жеңилдиктер болушу керек. Баштапкы төлөм маселесин карап чыгуу зарыл. Себеби, 100 миң сом өлчөмүндөгү баштапкы төлөм – бул чоң сумма.

Пикир

Оставить комментарий