• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жашоого тоскоол болгон терс ойлордон арылуу зарыл

Дүр дүйнө 0

Терс ойлор – сиздин гармониялуу жашооңузга жолтоо болгон тоскоолдуктар. Алардан арылуу керек.

1.Мен иши жок отурбашым керек

Сиз өндүрүмдүүлүк жана ийгилик дегендин артынан түшүп алгансыз. Ушунун айынан ар дайым бир нерсе менен алектенип турушуңуз керек. Бирок кандай иш болбосун сизди жетишсиз аракеттенип жаткандай сезим коштоп турат. Бул ойду кое бериңиз. Жан дүйнөңүзгө ар дайым кысым болуп турбаса, бардык иштен канааттануу ала аласыз.

2.Ички дүйнөнүн гармониясына жетишүү абдан кыйын

Өзү менен гармонияда болгон адамдарды идеал тутабыз. Аларга жетиш, асмандагы жылдызга кол сунгандай сезилет. Бул үчүн жылдап машыгып же зыяратка барып келүү керек сымал. Мунун баарын унутуңуз. Сиз гармонияга жигердүү умтулууну токтотсоңуз ага жетише аласыз.

3. Мен каалаган максатыма жеткенде, бактылуу болом

Сиз өзүңүздөгү мындай ой качан пайда болоруна маани берип, аны бир мүнөткө унутууга аракет жасаңыз. Бара-бара бактылуу келечек тууралуу кыялданууга эле эмес, бактылуу болууга да үйрөнөсүз.

4. Эгерде мен эмоциямды ачыкка чыгарсам, мени алсыз катары көрүшөт

Балачагыбыздан бизди өз сезимдерибизди жашырууга: ачуу келтирип, кайгыруу, коркуу, толкундоо сезимдерди көрсөтпөөгө үйрөтүшөт. Ушунун натыйжасында, чыныгы сезимдер айланадагылардын талкуусунда калгандай сезилет. Чындыгында баары тескери. Өзүнүн сезимдерин айта билген адамга сый жана суктануу менен мамиле жасашат.

5. Мен эмнеге өзүмдү бактысыз сезем

Биз өзүбүздү башкалар менен көп салыштырабыз. Биз өзүбүздө бар нерсе тууралуу ойлогондо, бул аз экени үчүн өзүбүздү гана күнөөлөйбүз. Же колубуз жетпей жүргөн нерселерге татыктуу эмеспиз деген ой келет. Бирок адамдар дайыма бактылуу болууга милдеттүү эмес. Бакыт да башка сезимдер сыяктуу келип, кетип турат.

6. Эгерде адамдар менин кандай экенимди билгенде, алар мени менен мамиле түзүшмөк эмес

Биз башкалардан айрым сапаттарыбызды жашырып келебиз. Өзүбүздү экиге бөлүп: бир тарабын көпчүлүккө алып чыксак, экинчисин жашырабыз. Ал эми адамдар эң ириде чынчылдыкты баалашат.

7. Мен бардык жерде идеалдуу болушум керек

Өз алдынча өнүгүү менен алектенүү азыр заманбап катары. Бирок көпчүлүк чыныгы муктаждыктан улам эмес, өзүнүн айланасындагы коомду жакшыртуу максатында, кайсы бир кемчилиги бар деп эсептегендиктен өзүнүн үстүнөн иштей баштайт. Бул ар дайым стрессти жаратат. Бул ойдон арылып, кандай болсоңуз ошондой жүрүңүз.

8. Мен баарынын алдында милдеттүүмүн

Кээ бир учурда ыраазычылык өзүн карыздар сезүүгө түртөт. Биз башкаларга бир нерсеге татыктуу экенибизди далилдөөгө далалаттанабыз. Бирок бул милдеттүү катары сезүүнү токтоткон соң гана, сиз потенциалыңызды толук кандуу ача аласыз.

9. Менин буга чейинки жашоом кыйын болду

Көбүнесе мурдагы кыйынчылыктар биз менен ширелишип, азыркы жашообузга кубанууга тоскоол болот. Ошондуктан бул ойлорду кое берип, жаркын жашоого умтулуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий