• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жаштык” спорт комплексин капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкектеги “Жаштык” спорт комплексин капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорт залдын курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземинде белгилүү болду.

Мамлекет башчы “Жаштык” спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп чыкты.

“Комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрелде, Садыр Жапаров Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорт залдын курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Пикир

Оставить комментарий