• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү, мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу башкаруу жарандардын бакубат турмушунун негизи болуп саналат.

Диверсификацияланган, тең салмактуу түзүмү бар, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү үчүн жагымдуу инвестициялык чөйрөнү орнотуу милдети турат.

Инновациялык жана жаратылышты сактаган технологияларды кеңири ишке киргизүү, ошондой эле менчик укуктарын коргоонун ишенимдүү системасын өнүктүрүү боюнча иш-аракетти активдештирүү зарыл.

Финансылык ресурстарды ачык-айкын, рационалдуу жана натыйжалуу башкаруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Бул максатта жасалып жаткан экономикалык реформалардын ийгилиги ар бириңиздердин ак ниет эмгегиңиздерге байланыштуу болот.

Ар бир экономист жана финансисттин күн сайын аткарган иши өлкөнүн бүгүнкүсү жана келечеги үчүн маанилүү.

Сиздердин кесипкөйлүк, талыкпас жумушуңар алдыга койгон максаттарга жетип, экономиканын туруктуу өсүшүн жана финансы системасынын натыйжалуу ишин камсыздайт деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий