• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек,12.06.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУ Башкы катчысынын саясий маселелер жана тынчтык маселелери боюнча орун басары Розмари ДиКарло менен жолугушту.

Кыргызстан менен БУУ ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын олуттуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы ШКУ дүйнө коомчулугуна эл аралык өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу жана динамикалуу форматын көрсөтүп жатканын белгиледи.

Президент демократиянын принциптерин бекемдөөдө жана шайлоо системасын өркүндөтүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдоп жатканы үчүн БУУга ыраазычылык билдирди.

«Азыркы кезде Кыргызстанда социалдык жана саясий туруктуулук бар. Парламенттик демократия өнүгүүдө, коррупцияга каршы күрөш уланууда, мунун баары оор эмгек менен болууда. Биз жетишкендиктер менен эле токтоп калбайбыз деп Сизди ишендиргим келет. Өзүбүздүн адамдык жана кадрдык ресурстарыбызга таянып, өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен биз алга бара беребиз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы БУУну санариптик технологияларды киргизүү, региондорду өнүктүрүү жана айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматташууну улантууга чакырды.

БУУ Башкы катчысынын орун басары Розмари ДиКарло бул анын Кыргызстанга алгачкы визити экенин белгилеп, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутеррештин саламын жолдоду.

Ал Кыргызстанга келгени жана Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуулар жөнүндө Антониу Гутеррештин эсинде жылуу эскерүүлөр калганын баса белгиледи. Розмари ДиКарло БУУ Башкы катчысы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн жана Кыргызстанга мындан аркы өнүгүүнү каалай турганын билдирди.

Розмари ДиКарло демократиялык принциптерди илгерилетүү боюнча регионалдык лидер болуп эсептелген Кыргызстан менен кызматташууну БУУ артыкчылык катары эсептей турганын кошумчалады. Ал ошондой эле бар маселелерди чечүүдө мындан ары көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий