• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Президент 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. “Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы жалпы региондор өнүккөндө гана Кыргызстан өнүгөт деп белгилеп, 2018-жылы Региондорду өнүктүрүү багытында кандай иштер аткарылганына кеңири токтолду.

Президент белгилегендей, өткөн жылы элет жеринде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Финансылык, кредиттик, бюджеттик саясат региондорго бурула баштады. Аймактарда жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулду. Республика боюнча былтыр 500дөн ашык жаӊы ишкана ачылып, 6372 жумуш орду түзүлдү. Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди. Жаңы ишканалар текшерүүлөрдөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулууда, эскилери оңдоп-түзөлдү.

Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Тигүү тармагындагы ишканалардын камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүү каралып жатат.

Машина-трактордук станциялар, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. 2018-жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд. сомдон ашык кредит жана гарантия берилди. Региондордо жаӊы ишканаларды колдоо максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү.

“Кичи жана орто бизнес өнүкмөйүнчө, чоң бизнеске өтө албайбыз. Муну колдосок, мамлекет туруктуу өнүгөт, жумушчу орундар түзүлөт, салыктар түшө баштайт”, - деп айтты Президент.

Ал белгилегендей, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 1600дөн ашык долбоор каржыланды. Аларга жалпысынан 300 млн. доллардан ашык каражат жумшалды. Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди. РСК Банк тарабынан 8 млрд сомдон ашык 9 миңге жакын кредит берилген. Азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурду. Эң алыскы айылдарга абдан төмөн – 12 пайыз менен, 3 жылга, 150 миң сомго чейинки кредиттерди берип жатат.

Ал эми Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом кредит берилген. Бул мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп. Кредиттердин өзүнүн саны 5 миңге жакын өскөн.

2018-жылы ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 миллиард сомдук 11 миӊден ашык айыл чарба насыялары берилди. Анын ичинде “Айыл Банк” жана “РСК Банк” аркылуу 1,8 жана 1,7 миллиард сом берилди. Талаачылыкка жана мал чарбасына насыялар бир жылга 10 %, кайра иштетүүгө – 6%, багбанчылыкка жана асыл тукум мал чарбасына - 8 % менен берилди.

Мындан тышкары, Мамлекеттик кепилдик фонду тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 3 млрд сомго жакын кредит беришти.

“Ишкерликти колдоого багытталган финансылык каражаттардын 80 пайызы Бишкек менен Чүйгө жумшалган, ал эми региондор каралбай калган. Азыр элетке көңүл буруп жатабыз. Чакан жана орто бизнес аймактарда өнүксө, экономика, жумушчу орундар жана салык туруктуу болот, миграция кыскарат”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

“Бул маселе областтын, райондун жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери менен тыгыз байланыштуу, - деди Президент. - Ошону аракет кылып, айыл жерине тартып алып келип, Кепилдик фонду аркылуу кайра иштетүү өнөр жайын колго алыш керек. Айрыкча экспортко, сыртка кетип аткан продукцияны жергиликтүү бийлик дагы колдоп, аларга жардам берүү зарыл”.

“Региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт. Ал тургай кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал белгилегендей, региондорду өнүктүрүү анын президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу маселе болуп саналат, аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү иштер уланат жана ушул максатта быйылкы жыл дагы “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформасынын маӊызын, коррупция менен системалык күрөш, тышкы саясаттагы кадамдар, коомду санарипке өткөрүү чаралары тууралуу айтып берди. Жолугушуу суроо-жооп форматында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий