• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров ЖАМК төрагасы Аскат Эгембердиевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ЖАМКтын эмгек жамаатын жана ардагерлерин алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу иштерине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Аскат Эгембердиев республиканын жазык-аткаруу системасында (КР ЖАС) жүргүзүлгөн реформалар, санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, пенитенциардык системаны каржылоо жөнүндө, ошондой эле КР ЖАС органдары менен мекемелериндеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары тууралуу маалыматты ортого салды.

Ошону менен бирге, ал бүгүнкү күндө ЖАМК системасындагы бир катар көйгөйлөрдү, атап айтканда, түзөтүү мекемелеринин инфраструктурасынын жана материалдык -техникалык базасынын эскилиги жеткенин белгиледи.

ЖАМК төрагасы учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү мекемелерин шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы көп жылдардан бери пенитенциардык мекемелерде укуктук тартип менен мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерин татыктуу аткарып келе жатышканын баса белгиледи. Жазык-аткаруу системанын кызматкерлери ден соолуктарын, кээде өмүрлөрүн тобокелге салуу менен пенитенциардык системанын сакчылыгында турушат.

Анткен менен, мамлекет башчысы белгилегендей, бул системада жылдар бою топтолуп келген көптөгөн чечилбеген көйгөйлөр бар.

Садыр Жапаровдун айтымында, бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкө экономикасындагы кыйынчылыктарга жана бюджеттин тартыштыгына карабай, Министрлер Кабинетине 2021-жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине ЖАМКтын Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы 2-объектисин киргизүү тапшырылган. Алар үчүн 51 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаров ЖАМК жетекчилигине жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр жана кызмат абалын кыянатчылык менен колдонуу фактыларын алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий