• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Темиралиев Таалайбек Асанбекович Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри болуп дайындалды;

— Айдарбеков Чынгыз Азаматович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

— Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

— Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

— Чодуев Эркинбек Урайымович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

— Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;

— Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

— Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

— Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

— Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

— Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Тердикбаев Эрлис Жекшенович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

— Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий