• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Буга чейин издөөдө жүргөн "Женго" кайманаты аты менен кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февралда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн алкагында кылмыш иши боюнча Ош облусунда жана Ош шаарында издөөдө жүргөн "Женго" кайманаты бар кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Досонов Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин Кадыр Досоновдун турган жерин жана камакка алынгандыгын аныктоо боюнча "Перехват" планы жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий