• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жергиликтүү кеңешке шайлоо жана референдум. Баткенде болжолдуу жыйынтык чыгарылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча атайын өкүлүнүн маалыматына ылайык, шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары боюнча, саат 20:00гө Баткен облусунун шайлоочуларынын 36%ы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого, 35%ы референдумга катышып, добуш берди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өттү.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкер ат салышты.

Шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок.

Эскерте кетсек, азырынча шайлоонун жыйынтыгы акыркы эмес. Бул чыккан маалыматтар автоматтык жана кол менен эсептөөлөрдүн алдын ала көрсөткүчү.

Пикир

Оставить комментарий