• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүздө эки кабаттуу үй күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Жети-Өгүздө эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жалпы аянты 182 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий