• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Улуттук банктын жыл ичинде аткарган иши менен таанышты

Экономика 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары күн мурун Улуттук банктын 2023-жыл ичинде аткарган иши менен таанышуу үчүн Улуттук банкта болушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, фракцияларынын жана депутаттык топторунун лидерлери, комитеттердин төрагалары катышты.

Жогорку Кеңештин депутаттарына Улуттук банктын негизги функциялары жана милдеттери, Улуттук банктын 2023-жыл ичинде аткарган ишинин алдын ала жыйынтыктары, акча-кредит саясатын ишке ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, өлкөнүн төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтар берилди.

"Инфляциянын деңгээли 2022-жылдын акырындагы 14,7 пайыздан 7,1 пайызга чейин (2023-жылдын 8-декабрына карата) төмөндөп, эл аралык резервдер 3,1 млрд АКШ долларына чейин көбөйүү менен банк жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалууда, ошондой эле улуттук валютанын курсунун туруктуулугу сакталууда", - деди Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын ишинин оң натыйжаларын белгилеп, калк үчүн кредиттердин жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ишти улантуу, ислам каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүчү финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, ошондой эле QR-код менен мобилдик тиркемелерди колдонуу аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти.

Мындан тышкары, экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы кырдаал, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын өнүгүү тенденциялары жана келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий