• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда пенсионерлердин 73%ы комбанктардагы эсеп аркылуу пенсия алышат

Экономика 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Учурда пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча төлөмдөрдүн басымдуу бөлүгү банк системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КР Улуттук банкынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-ноябрына карата коммерциялык банктык эсептер аркылуу 538,6 миң адам же пенсионерлердин жалпы санынын 73%, ал эми 362,5 миң адам же 97,3 адам социалдык төлөмдөрдү банктык төлөм карттары аркылуу алышкан.

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, ошондой эле үчүнчү жактардын пайдасына накталай эмес формада төлөмдөрдү жүргүзүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында төлөм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканы белгиленген.

Алсак, 2018-жылдан 2022-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктар өлкөгө 871 банкомат, 11 миң 873 POS терминал жана 1 миң 479 төлөм терминалын коюшкан. 2022-жылдын 1-ноябрына карата жабдуулардын саны 2019 банкоматты, 15 миң 819 POS терминалды жана 2 317 төлөм терминалын түздү.

"Кыргыз почтасы" ММ бир нече коммерциялык банктар менен алыскы аймактардагы калкка төлөм картасынан акча каражаттарын накталай алуу боюнча долбоорду ишке ашырууда. 1139 айылдын калкын банктык төлөм картасынан акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарына 387 POS-терминалдар орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий