• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКККББнын аймактардагы кызматкерлери кесипкөйлүгүн жогорулатууда

Коом 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча сабактар улантылууда.

Башкармалыктан маалымдашкандай, Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрайба башкармалыгынын кызматкери Музатай Байзаков жетекчиликтин тапшырмасы менен ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө жол эрежелерин камсыздоо, жол тыгындарын жөнгө салуу жана укуктук ченемдик актыларды жеткирүү багытында өздүк курамга даярдык сабактарын өткөрүүнү улантууда.

Анда кызматкерлердин кийген формасынан тартып, кызматта колдонулуучу каражаттарын, кесиптик деңгээлин, ошондой эле шаар жана эл аралык жолдордо жол тыгындарын жөнгө салуу багытында практикалык сабактар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кызматкерлерге жол эрежелерин эскертүү иретинде атайын тесттен да өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий