• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР делегациясы ШКУнун баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча иш-чарасына катышты

Коом 0

Бишкек, 22.03.24. /Кабар/. Вена шаарында Кыргызстандын делегациясы ШКУнун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча атайын иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен Билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара БУУнун Баңгизат каражаттар боюнча комиссиянын 67-отурумунун алкагында өтүп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, террорчулукка жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө практикалык кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.

Иш-чарага БУУнун БКБнын координациялык бөлүмүнүн башчысы Тофик Муршудлу, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Шухрат Собирзода, ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар коопсуз жана туруктуу келечек куруу үчүн жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча улуттук күч-аракеттерди активдештирүү жана эл аралык күч-аракеттерди колдоо, анын ичинде баңгизаттардын, уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын жана терроризмдин өз ара байланышкан көйгөйлөр чечүүгө багытталган практикалык чараларды кабыл алуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий