• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУнун ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болууда – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында билдирди.

"Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык", - деди Садыр Жапаров.

Президент Ооганстандын айрым провинцияларында алардын тышкы демөөрчүлөрүнүн Борбордук Азия боюнча кеңири пландары бар эл аралык террористтердин жана экстремисттердин болушуна байланыштуу ЖККУнун түштүк чек арасындагы кырдаал абдан кооптуу бойдон калып жатканын белгиледи.

"Афган проблемасы биздин дайыма көңүлүбүздүн борборунда жана талдообузда болушу керек деп эсептейм. Бул багытта саясий-дипломатиялык жана аскердик-техникалык коопсуздук чараларынын бардык комплексин ишке ашыруу зарыл. Ошол эле учурда афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маанилүү, алардын арасында кыргызстандык туугандарыбыз да бар", - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий