• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин төрагасы Беларустун элчиси Андрей Страчко менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салып: “Бирок биздин байланыштарыбыз терең, узак жылдарды камтыйт. Андыктан, калыптанган достук, өнөктөштүк алакаларды мындан ары да өнүктүрүү менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты да кеңейтүүбүз кажет”, – деди.

Муну менен катар парламенттер аралык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага Жогорку Кеңеш Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын эки палатасы менен тең тыгыз иш алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү тууралуу да сөз болуп: “Бул жаатта эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы жигердүү иш алып барууда. Өткөн жылы аталган комиссиянын 10-отуруму Ош шаарында өтүп, байланыштардың чыңдалышына өбөлгө түзүлдү. Алсак, Кыргызстан Беларусь Республикасы менен бардык тармактар боюнча, анын ичинен инвестиция тартуу, айыл чарба техникаларын жана коомдук транспортторду алуу жаатында кызматташууга кызыкдар”, – деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко да эки элди орток тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеп, Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда кыргыз жоокерлери Беларусь жергесин душмандардан бошотууга зор салым кошконун эске салды.

Андан тышкары, элчи кызматташтыкты тереңдетүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолуп, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий