• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 19.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин чейрек финалына чыкты.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында индиялык Сумит менен күрөшүп аны мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Ошондой эле Акжол Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунда грузиялык Бека Мамукашвилини 5:1 эсебинде утуп алды.

Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий