• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Ошто Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-февралында КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча каралган кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталган. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И., аттуу жарандан акча каражатын алып жаткан жеринен мурда ар кандай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э., 1992-жылы туулган Р.Э.Р., кармалышты.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалгандарга карата уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий