• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жусупбекова өлкө боюнча өткөрүлгөн бир катар сынактардын жыйынтыгы туурасында айтып берди

Билим 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде өлкө боюнча өткөрүлгөн бир катар сынактардын жыйынтыгы туурасында айтып берди.

Анын айтымында, республикалык олимпиаданын облустук турларында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болгон 483 окуучу 2019-2020-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү деп таанылды.

“Биринчи орунду алган 160 окуучу ноутбук жана диплом, экинчи жана үчүнчү орунду алгандар дипломдор менен сыйланышат. Учурда дипломдор тез арада жеткирилди. Ал эми ноутбуктарды жеңүүчүлөргө тапшыруу үчүн тиешелүү иштер жүрүүдө. Ошондой эле 281 окуучу ЖОЖдорго олимпиаданын предмети дал келген адистиктерге тапшырууда жеңилдик алышат”, - дейт ал.

Жусупбекова альтернативдүү олимпиаданын 3-турунун жыйынтыгында рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 97 окуучу жеңүүчү деп табылганын айтаты.

“Аларга сертификаттар тапшырылат. 97 окуучунун 60ы республикалык олимпиадага да катышып байгелүү орундарга ээ болушту. Аны менен бирге “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу изилдөө жана ойлоп табуу долбоорлордун эл аралык конкурсу да өткөрүлдү. Сынакка жалпы 185 долбоор сунуш кылынган. Конкурстун кыргызстандык жеңүүчүлөрү өлкөбүздөгү ЖОЖдордун техникалык факультеттеринин бюджеттик бөлүмдөрүнүн студенттери болууга мүмкүнчүлүк алышты”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий