• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 3,4% түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 355 млрд сомго жакындап, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,4 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2023-жылдын январь-майында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 165 млрд сомдон ашкан. Бул 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,2 пайызга көп.

"Мындай көлөм текстиль өндүрүшүндөгү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (29,2 пайызга), фармацевтикалык (25,7 пайызга) жана химиялык продукцияларды (21,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктеги (19,3 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (15,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки азыктарын өндүрүүдөгү (8,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуудагы (6,6 пайызга) көлөмдүн жогорулашынын эсебинен камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле курулушта оң тенденциялар байкалган. Анда көлөмдүн көбөйүшү 4,6 пайызды, айыл чарбасында 2,4 пайызды, дүң жана чекене соодада 15,4 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий