• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери өлкөдө жол кырсыгынан 79 бала каза болду

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанда жаш балдардын катышуусунда 1 миң 379 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1%га көп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде жаш балдардын катышуусунда 1 миң 363 жол кырсыгы катталган.

“Ал эми жол кырсыктарынын кесепетинен өткөн жылы 83 бала каза болсо, быйылкы жылы 79 бала каза болду. Ошентип, каза болгондор 4,8%га азайды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий