• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов: “Көмүрдүн баасы 5 сомдон жогору болбосун”

Аймак 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы көмүр карьер жетекчилерин, райондун акимдери жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кышка даярдык, Ош облусунун тургундарын көмүр менен камсыз кылуу жана көмүрдүн баасы тууралуу сүйлөшүштү.

Зиядин Жамалдинов ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, кышында элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүү жана көмүрдүн баасын жөнгө салуу керектигин айтты.

“Кыш оор болот деген божомолдор айтылууда. Ошондуктан биз Ош облусунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүр чыгарган ишканалардан сураныч, көмүрдүн баасын көтөрбөгүлө, элге ыңгайлуу баа койгула. Кар жааганда эле бааны жогорулатып аласыңар, кандай шартта болбосун көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбагыла”, - деди Ош облусунун башчысы.

Президенттин Оштогу өкүлүнүн сунушун ишкерлер колдоп, 15-октябрь күндөн тарта атайын базаларда сатылуучу көмүрдүн баасын 5 сомдон жогорулатпоого макул болушту. Ал үчүн кара алтынты түз, ортомчусуз алып келүү боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жер-жерлерде атайын көмүр базалар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий