• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зыян 500 миң сомдон ашуун. Унааларды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. "Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери 3 унааны мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Э.Т." ЖЧКсы (баштапкы тамгалары өзгөртүлгөн) бажы органынын маалыматы жок 2012-жылы чыгарылган Renault Premium үлгүсүндөгү 2 унааны ээликтен ажыратканы аныкталды. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 369 миң 775 сомду түзгөн.

Ошондой эле "Б.Т.Т." ЖЧКсы (башкы тамгалар өзгөртүлдү) 2012-жылы чыгарылган Renault Premium үлгүсүндөгү унааны бажы органына маалымдабастан ээликтен ажыратканы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 182 миң 574 сомду түзгөн.

Бул фактылар КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага берилген.

Белгилей кетсек, ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык, маалымдабай жана бажы алымдарын төлөбөй туруп, шарттуу түрдө чыгарылган товарларды ажыратууга жана үчүнчү жактардын пайдасына берүүгө болбойт.

Пикир

Оставить комментарий