• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

11-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 7-октябрдан 11-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда жана 8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-октябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-октябрда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-8-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда түнкүсүн жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

10-11-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-октябрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-октябрда күндүз жана 9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

11-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-октябрда күндүз жана 8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондодо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-11-октябрларда кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда түнкүсүн Каракол шаарында бир аз жаан жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-октябрда күндүз жана 8-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-октябрда түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн.

9-октябрда эртең менен жана күндүз, 10-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

10-октябрда күндүз жана 11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда жана 8-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-октябрда күндүз жана 9-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-октябрда эртең менен жана күндүз, 10-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-октябрда күндүз жана 11-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий