• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

12-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Эртең, 12-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус суук, күндүз 14…16 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий